www
25 май
Жыл башынан бери кыргыз балынын экспорту дээрлик 80 тоннадан ашты
2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстандан 152,8 тонна бал экспорттолуп, экспорттун жалпы көлөмү 37,3 млн сомду же 426,6 миң АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Бул көрсөткүч ата мекендик балдын тышкы рыноктогу суроо-талабы жогорулап жатканын жана кыргыз балчыларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айгинелейт.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 78 тоннадан ашык бал көп экспорттолду. Кыргыз балы сапаты жана экологиялык тазалыгы менен эл аралык рынокто өз ордун бекемдеп, чет өлкөлүк керектөөчүлөр арасында кызыгууну арттырууда. Эң көп көлөмдөгү экспорт Өзбекстан Республикасына жөнөтүлгөн.
