Садыр Жапаров: Кыргызстан тышкы карыздарын 2035-жылга чейин толук кутулат
Кыргызстан тышкы карыздарын 2035-жылга чейин толук кутулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Президент бүгүн экономиканын өсүшү жогорку темп менен бара жаткандыгын айтты.
- 2020-жылы 31 млрд сом төлөндү.
- 2021-жылы 30 млрд сом.
- 2022-жылы 34 млрд сом.
- 2023-жылы 53 млрд сом.
- 2024-жылы 60 млрд сом.
- 2025-жылы 79 млрд сом.
Жалпысынан, 2020-2025-жылдары мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 млрд сом кетти. (3,3 млрд АКШ доллары) төлөндү, анын ичинде:
- Тышкы карыз – 170,5 млрд сом (1,9 млрд АКШ долл.);
- Ички карыз – 114,9 млрд сом (1,4 млрд АКШ долл.).
"Ушинтип илгертен бери чогулган тышкы карыздарды 2035-жылга чейин эч кыйналбастан толук кутулабыз", - деди Садыр Жапаров.
Президент баса белгилегендей, мамлекеттик карыздын туруктуулугу анын ИДПга болгон катышы аркылуу аныкталат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 42% түзөт. Мурда бул көрсөткүч 68%, 84%га чейин жеткен учурлар болгон.
Өлкө башчысы алынган карыздар баары экономиканы өнүктүрүүгө гана жумшалып жаткандыгын кыйытты.
"Демек, жакынкы жылдарда ИДПбыз мындан да көбөйөт, бул болсо экономикабыз дагы да өсөт дегенден кабар берет. Ал эми азыркы убакта алынып жаткан карыздар конкреттүү, даректүү долбоорлорго жумшалып жатат", - деди ал.
