«Кыргыз Агрохолдинг» ААК ири мүйүздүү малдар үчүн заманбап Feedlot-комплексин тизүү долбоорун ишке киригизет
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК 10 000 баш ири мүйүздүү малды багып-асыроо жана семиртүүгө арналган агроөнөр жай ишканасын түзүү боюнча долбоорду баштады. Долбоордо проектно-сметалык документация (ПСД), бизнес-план жана техникалык-долбоордук чечимдер иштелип чыгат.
Долбоордун алкагында 25 гектар аянтта малды ачык аянтчада (feedlot) багып-семиртүүчү заманбап комплекс курулат. Ишке ашырууда эл аралык стандарттар жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбалар колдонулуп, экономикалык негиздүүлүк, экологиялык туруктуулук жана социалдык аспектилер эске алынат.
Алгач 3 500 000 сом суммада жарыяланган тендерде катышуучулар талап кылынган документтердин толук топтомун камсыздай алышкан жок. Натыйжада тендердин бардык арыздары четке кагылып, тендер кайрадан 1 500 000 сом менен жарыяланды. Бирок кайтарылган тендерге дагы катышуучулар табылган жок.
Долбоордун мөөнөттөрүнүн бузулушуна жол бербөө максатында тендердик комиссия түз келишим менен сатып алууну жүргүзүү чечимин кабыл алып, келишим ЖИ «Алиева О.» менен түзүлдү.
Эксперттер Кыргызстандын аймагына кайра келип, ПСД жана бизнес-планды даярдоону, ошондой эле «Элита» филиалынын аянтчасын 500 баш малды багып-семиртүүчү ачык аянтчага кайра багыттоо боюнча консультация берүүнү башташты.
