Кыргызстанда 352,7 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналып бүттү
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

Кыргызстанда 352,7 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналып бүттү

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1%ы — 352,7 миң гектары жыйналып бүттү.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп. Кампаларга 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым былтыркыга караганда 6,9%га өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.

Быйыл буудайдын түшүмү өзгөчө жогору болуп, пландалган аянттардын 80,2%ы жыйналды. Буудайдын жалпы дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу 30,8%га өстү. Арпанын да пландалган аянттарынын 59%ы жыйналып, орточо түшүмдүүлүгү гектарына 25,1 центнерге жетти. Бул былтыркыга караганда 15,1%га жогору. Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңы башталды.

Аймактарда да оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Чүй облусунда пландалган аянттардын 63%ы жыйналса, Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу 20,1%дык өсүш катталды. Жалал-Абад жана Баткен облустарында тиешелүүлүгүнө жараша 56,5% жана 62,3% аянт жыйналып бүттү. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу массалык оруп-жыйноо иштери эми күчүнө кирүүдө.

Дан эгиндеринен тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноодо да өсүш байкалууда. Өткөн жылга салыштырмалуу жашылча өндүрүшү 6,1%га, картошка 7,9%га, бакча өсүмдүктөрү 20,4%га өстү. Учурда алардын пландалган аянттарынын тиешелүүлүгүнө жараша 41,1%, 20,6% жана 44,8%ы жыйналды. Техникалык өсүмдүктөрдү — пахта, тамеки жана кант кызылчасын жыйноо иштери алгачкы этапта турат.