Кыргызстандык ишкерлер Түркмөнстандагы эл аралык форумга катышат
28 февраль

Кыргызстандык ишкерлер Түркмөнстандагы эл аралык форумга катышат

2025-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мерген Гурдов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдардагы соода-экономикалык кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарып, болгон потенциалдын контекстинде ишкер чөйрөлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташтыгынын келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты, ошондой эле тараптардын улуттук өндүрүштү илгерилетүүдөгү соода-экономикалык иш-чараларга катышуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи А. Мадмаров Соода-өнөр жай палаталарынын улуттук экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүдөгү ролуна жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгына токтолду. Ушуга байланыштуу, Элчи Түркмөнстандын алдынкы бизнес-компанияларын 2025-жылдын 30-июну жана 1-июлунда Кыргыз Республикасында өтө турган "Борбор Азия + Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" инвестициялык форумуна катышууга чакырды. Ошондой эле Элчи кыргызстандык ишкерлердин "Түркмөнстандын келечегине инвестициялар" эл аралык форумуна катышуу үчүн Түркмөнстанга (2025-ж., 17-19-март) боло турган сапары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, М.Гурдов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишти активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого умтулууларын ырастап, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз байланыштарды колдоого даяр экендиктерин билдирди.