Салык кызматында экспорттоочулар менен жолугушуу өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков товарларды экспорттоо маселелери боюнча экспорттоочулар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун максаты – ЕАЭБдин алкагында товарларды экспорттоо жана кайра экспорттоо менен алектенген ишкерлерди колдоо болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга чек арадан өтүү, коштомо документтерди тариздөө, шайкештик сертификаттарын алуу, товардын коштомо документтерин, анын ичинде электрондук эсеп-фактура жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн башка аспектилерин туура жүргүзүү боюнча сунуштар берилди. Экспорттоочулар үчүн кошумча шарттарды түзүүгө, окутуучу видеоматериалдарды даярдоого жана кийинки окутуу иш-чараларын уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууга ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү, Экономика жана коммерция министрлиги, Бажы кызматы, Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө ишкерлер кызыктырган суроолоруна жооп алышып, экспорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын беришти.
«Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бүгүнкү күндө бизнес жүргүзүүнүн мыйзамдуу жана ачык-айкын шарттарын камсыздоого багытталган көптөгөн чечимдер кабыл алынууда. Бул жалпы талап, жана биз өзүбүз тараптан улуттук экономиканын кызыкчылыгында иш алып барып жатабыз», – деп белгиледи Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков.
