Мамлекеттик бажы кызматы уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу фактысын аныктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт тийиштүү бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн чет өлкөлүк үлгудөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында МБКнын Тергөө башкармалыгы менен ыкчам-издөө иш-чараларынын комлекси өткөрүлгөнүн билдирет.
Иш-чаралардын жүрүшүндө эсепке алынбаган телефондор сатылып жаткан чекене соода түйүндөрү жана кампалар аныкталды.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын чечимдеринин негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери “Манас” бажысынын ыкчам тузүмдүк бөлүмү менен биргеликте 12 чекене соода түйүнүндө жана бир кампада тесттик сатып алууларды жана тинтүүлөрдү жүргүзүштү.
Натыйжада, Apple жана Samsung сыяктуу ар кандай үлгүдөгү 243 уюлдук телефон табылып, алынды. Алар БАМС жана Самрт Бажы маалымат базаларында катталган эмес, бул алардын мыйзамсыз ташып киргизилгени тууралуу көрсөтүп турат.
Мыйзам бузуулар төмөнкү соода борборлорунда аныкталган:
• ЦУМ,
• ГУМ Чынар,
• Виктори бизнес борбору,
ошондой эле Абдрахманов көчөсү дареги боюнча кампада.
Материалдар андан ары иликтөө жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик бажы кызматы эскертет: товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө жана сатууга каршы күрөшүү – өлкөнүн экономикалык коопсуздугун коргоо жана Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу боюнча иштин негизги багыттарынын бири.
