КР Жоопкерчиликтүү ишкердик боюнча программанын бет ачары өттү
4 февраль

КР Жоопкерчиликтүү ишкердик боюнча программанын бет ачары өттү

Бишкекте, 2025-жылдын 31-январында, БУУнун Адам укуктарынын алкагында ишкердик жүргүзүү боюнча Жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасынын (2027-жылга чейин) бет ачары өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эксперттик чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.    

Кыргызстан Борбор Азияда жана КМШда бул программаны расмий түрдө кабыл алган алгачкы өлкө болуп саналат. 

Анын негизги максаты – ишкердик чөйрөдө жоопкерчиликти күчөтүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана жарандардын укуктарын коргоо.   

Экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева иш-чарада сөз сүйлөп, Программанын жүзөгө ашырылышы өлкөдөгү мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандык коомдун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.   

Программа төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • көмүскө экономиканын деңгээлин азайтуу, 
  • социалдык жактан аялуу катмарлардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, 
  • корпоративдик жоопкерчилик принциптерин сактаган ишканаларды колдоо.   

Программаны ишке ашыруу боюнча иштер уланууда.

Мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандык коом биргеликте иш алып барып, өлкөдө ачык-айкын жана туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө аракет көрүүдө.