Кыргызстанда курулушка инвестиция 33,4% өстү
20 август

Кыргызстанда курулушка инвестиция 33,4% өстү

Кыргызстанда 2025-жылдын январь–июль айларында негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 141,9 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,4%га көп. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Өсүш негизинен ички каржылоо булактарынын 52,2%га көбөйүшү менен шартталды, ошол эле учурда тышкы инвестициялардын көлөмү 40,5%га азайды.

Инвестициялардын 85%дан ашыгы пайдалуу кендерди казып алуу объектилерин курууга, кайра иштетүү өндүрүштөрүнө, транспорттук ишмердүүлүккө, жүктөрдү сактоого, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылууга, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканын капитализациясынын өсүшүнө бир катар факторлор өбөлгө түздү:

  • «Менин үйүм» программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү;
  • MegaCom жана О! компанияларынын базалык станцияларын курууну камтыган мобилдик байланыш тармактарын кеңейтүү жана модернизациялоо;
  • жаңы билим берүү объектилерин куруу;
  • Бишкек жана Ош шаарларында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү;
  • спорттук курулуштарды салуу;
  • туристтик инфраструктураны өнүктүрүү.

2025-жылдын январь–июль айларында курулуштун жалпы валдык продукциясынын көлөмү 145,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 37,8%га өстү. Курулуш сектору өлкөнүн ИДПсын (ЖИПин) түзүүгө 2,25 пайыздык пункт кошту, ал эми анын үлүшү ИДПнын түзүмүндө 7,4%ды түздү.