Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрүн өндүрүү жылдан-жылга өсүп жатат
28 октябрь

Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрүн өндүрүү жылдан-жылга өсүп жатат

Кыргызстанда мал чарба тармагы туруктуу өсүш көрсөтүүдө. 2025-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча эт өндүрү – 103; сүт – 102,7; жумуртка – 106,4 пайызга көбөйдү.

Ошол эле учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ар бир гектарды туура пайдалануу жана мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча тынымсыз иш аракеттерди көрүп келет.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча республиканын калкы негизги 9 тамак-аш азыктардын 6 түрү менен толук камсыздалды, калган 3 түрү боюнча камсыздоо иштери жүрүп жатат.

Негизги азыктардан тышкары, Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрү – мандарин, апельсин, лимон, кумкуват өстүрүлө баштады. Эгерде 2023-жылы 801 гектардан 3 929 тонна өндүрүлсө, 2024-жылы 1 058 гектардан 4 839 тонна өндүрүлдү. Цитрустарды өндүрүү жылдан-жылга өсүүдө.