Ысык-Ата районунда эки ири БДР ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт
23 октябрь

Ысык-Ата районунда эки ири БДР ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт

Ысык-Ата районунда эки ири БДР ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда Кант шаарынын борборунан 13 чакырым жана Бишкек шаарынан 21 чакырым алыстыкта "1-Май" БДР капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Иштер үстүбүздөгү жылдын апрелинде башталган жана ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин аяктоо пландаштырылууда.

Жумуштар аткарылаган соң 7822 га жердин сугат суу менен камсыздалышы жогорулайт. Бүгүнкү күндө иштер 85%га аткарылды.

Мындан тышкары, Ысык-Ата районунда Кант шаарынын борборунан 12,5 чакырым жана Бишкек шаарынан 24 чакырым алыстыкта "Ивановка" БДРде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Сугат жерлеринин суу менен камсыздалышын жогорулатуу аянты 700 гектарды түзөт. Капиталдык оңдоо иштери 22-августта башталган. Аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын аягы.

Капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.