Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү
28 октябрь

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү

  • 2025-жылдын 21-27-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барып, Сучжоу шаарында кытайдын «10-Эл аралык жашыл энергетикалык» форумуна катышты.

  • Аталган форумдун алкагында министр Т.Ибраев сөз сүйлөп, электр энергиясына болгон муктаждыктын жылдан жылга өсүшү, энергетика экономиканын өнүгүшүнүн негизги булагы, Кыргызстандын электр энергиясынын потенциялы, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы тууралуу айтып өттү.

  • “Кыргыз энергетикасы бүгүнкү күндө Борбордук Азия регионундагы жашыл энергетиканын флагманы болуп саналарын белгилеп кетким келет. Республика ири дарыялардын башатында жайгашкан. Таза энергиянын 90% га жакыны ири ГЭСтерде өндүрүлөт. Жашыл технологияларга өтүүнү камсыз кылуу максатында акыркы эки жылдан бери Республикада жашыл генерацияны ишке киргизүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Кытайлык өнөктөштөр 1100 МВт күн электр станцияларын жана 300 МВт шамал станциясын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Кытайлык компаниялар иштеп жаткан ГЭСтерди, анын ичинде Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууда көп жылдык тажрыйбасы бар. Алардын арасында дүйнөгө таанымал Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн (China Road and Bridge Corporation), TBEA, Донг Фан (Dongfang Electric) и СНЕК (CNEEC) сыяктуу ири компаниялар бар. Биз эл аралык өнөктөштөрдү, донорлорду жана каржы институттарын биздин өлкөдө жашыл энергетика долбоорлорун биргелешип ишке ашырууда биз менен өнөктөш болууга чакырабыз”, – деди министр Т.Ибраев.

  • Мындан тышкары Кытай Эл Республикасынын Улуттук энергетикалык башкармалыгынын башкы директору Ван Хунчжи, Мамлекеттик энергетика башкармалыгынын башкы экономисти Лу Цзюньлин жана "Эл аралык энергиянын кайра жарлуучу булактары" агеттигинин өкүлдөрү менен КРнын энергетика министри Т.Ибраев, “КУЭТ” ААК, “ЭС” ААК, “Кыргызкөмүр” ААКнын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

    Анда тараптар эки өлкөнүн энергетика жана көмүр тармагында кызматташуусун тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга инвесторлорду чакыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

  • Анда министр Т.Ибраев 500 кВ “Кемин-Торугат”, 200 кВ «Барскоон-Бедел» электр линияларын куруу, Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү тармагында долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу сунуштарын киргизди. Аны менен катар кыргызстандык энергетиктерди окутуу маселелери каралды.

  • Жыйынтыгында Кытай Эл Республикасынын энергетика министри Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин жана алдыдагы көтөрүлгөн долбоорлорду кытайлык жеке компаниялар менен биргеликте ишке ашырууда колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Жолугушуудан кийин министрлер энергетикалык форумда уюштурулган көргөзмө менен таанышты.