Жыл башынан бери Кыргызстанга 3,2 миллион турист келген
25 декабрь

Жыл башынан бери Кыргызстанга 3,2 миллион турист келген

2025-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда туристтерди кабыл алуу жана тейлөө менен 828 эс алуу мекемеси жана туризм уюмдары алектенди.

Алардын катарына 186 адистештирилген жайгаштыруу каражаттары (анын ичинде 17 санаторий, анын 5өө балдар үчүн, 11 санаторий-профилакторий, 18 спорттук-ден соолукту чыңдоочу лагерь, 40 туристтик база жана эс алуу базалары, дарылоо кызматын көрсөткөн 2 пансионат жана 98 пансионат), 385 мейманкана жана ага окшош жайгаштыруу каражаттары, 11 жаратылыш паркы жана корук, 153 башка туристтик объект, ошондой эле 93 туристтик фирма бар.

Туризмдин уюшкан секторунда бул мезгил ичинде 1,5 млн адам жайгаштырылып, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн 1,5 эсеге көп болду. Ал эми уюшулбаган сектордо туристтердин саны 1,7 млн адамды түзүп, 30,8 пайызга өстү.

2025-жылдын январь–сентябрь айларында туристтик фирмалар аркылуу 55,7 миң адам жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 37,1 миңи — Кыргызстан жарандары болуп, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө саякатташкан, ал эми 18,6 миңи — Кыргызстанга келген чет элдик туристтер болду.

Туристтердин санынын өсүшү ички жана тышкы туризмге болгон кызыгуунун артканын, ошондой эле өлкөдө туристтик тармактын инфраструктурасы чыңдалып жатканын айгинелейт.