“Айыл Банктын” ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия корутунду чыгарды
27 февраль

“Айыл Банктын” ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия корутунду чыгарды

“Айыл Банк” ААКтарабынан фермерлерге жана ишкерлерге насыя берүү маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия жыйынтыктоочу отурумун өткөрдү.

Ага комиссиянын төрайымы Айсаракан Абдибаева, мүчөлөрү Улугбек Ормонов, Замирбек Мамасадыков, Шарапаткан Мажитова, Бекмурза Эргешов, Азамат Исиралиев, комиссиянын эксперттери, “Айыл Банк” АККнын башкармалыгын төрагасы Тилек Алимджанов, анын орун басарлары жана тийиштүү адистер катышты.

Депутаттык комиссиянын эксперти Алмазбек Даакыбаев баяндама жасап, 2024-жылы “айыл чарбасын каржылоо 12” долбооруна Министрлер кабинети 5 млрд сом бөлсө, анын 1 млрд 82 млн сомун "Айыл Банк" насыя катары 5 781 кардарга берген. Эксперттин пикиринде бардык облустар боюнча 324 кредиттик досье изилденген.

Депутаттык комиссиянын Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында көчмө жыйындары өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында жеңилдетилген кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган эмес деп билдирди эксперт.

Ал эми “Айыл Банк” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджанов банктын кредиттик портфели өсүп, 2024-жылы 51 млрд сомго жеткенин билдирди. Былтыр жалпысынан 72 миң кардарга 35 млрд 600 миллион сом насыя берилгенин кошумчалады ал.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү текшерүү ишинин жыйынтыгында бир катар кемчиликтерди белгилеп, өз сунуштарын айтты.

Депутат Шарапаткан Мажитова күрөө өтө төмөн бааланарын айтып, базар баасында баалоо сунушун берди. Ошондой эле банктын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлеринин тейлөөсүнүн сапатын сынга алды.

Эл өкүлү Улугбек Ормонов жана Бекмурза Эргешов “Айыл Банк” өзгөчө аймактардагы ишкерлер, фермерлерге көбүрөөк колдоо көрсөтүүсү зарылдыгын айтты.

Депутат Замирбек Мамасадыков фермерлерде күмөн саноо болбоо үчүн жеңилдетилген насыя берүүдө да МИК сыяктуу электрондук кезек киргизүүнү сунуштады.

Ал эми депутат Айсаракан Абдибаева айрым “Шоро”, “Алайку” сындуу ири ишканаларга берилген насыялар өз максатында иштетилип, экономикага салым кошуп жатканын белгиледи.