Биринчи орунда Кытай, андан соң Россия – Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөр
Акыркы төрт жылда Кыргызстанда инвестиция тартуу жаатында олуттуу өзгөрүүлөр орун алды жана ички, тышкы инвестициялардын агымы көбөйдү. Буга себеп – өлкөнүн инвестициялык климатынын жакшырышы. КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин инвестиция тартуу башкармалыгынын башкы адиси Бекжан Тыныбековдун айтымында, инвестициялар реалдуу долбоорлорго жумшалууда жана ал бир гана Бишкекти эмес, өлкөнүн бардык аймагын камтып жатат.
Бекжан Тыныбеков КР Статистикалык комитетинин маалыматына таянып буларды билдирди:
«2024-жылдын 9 айында түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 746,9 миллион АКШ долларын түздү, бул 2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 92,3 миллион АКШ долларына көп. Инвестициялык агымдын көбөйүшүнө чоң салымын кошкон өлкөлөр – Кытай Эл Республикасы – жалпы келип түшүү агымынын 29,7 пайызын түзгөн. Андан сырткары Россия – 192,8 миллион доллар, Түркия – 71,3 миллион доллар, Казакстан – 48,9 миллион доллар, андан кийинки орунда Нидерландия турат, бул өлкөлөн 33,1 миллион доллар келип түшкөн. Андан сырткары алыскы чет өлкөлөрдөн 956,6 миллион долларлык инвестиция келген», – деген башкы адис цифралардын жогорулашы Кыргызстандын инвестициялык жактан жагымдуу өлкөгө айланып баштаганын билдирээрин белгиледи.
Ошондой эле, Бекжан Тыныбековдун айтымында, келип түшкөн инвестициялар төмөнкү тармактарга жумшалган: иштетүү өндүрүшүнө – 281,9 миллион доллар, дүң жана чекене соодага – 158,5 миллион доллар, пайдалуу кендерди казууга – 93,4 миллион доллар, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 79,5 миллион доллар, андан сырткары кесиптик илим жана техникалык ишкердик тармагы дагы инвесторлордун көңүл сыртында калган эмес.
Ал эми бул каражаттарды өлкө аймактарына бөлүштүрүү төмөнкүдөй болгон. Тыныбеков белгилегендей, мында инвестордун тандоосу башкы орунда тургандыктан, алардын көбү Бишкек шаарына туш келген:
- Бишкек шаарына – 333,2 миллион доллар;
- Чүй облусуна – 150 миллиондон ашуун доллар;
- Жалал-Абад облусуна – 88,4 миллион доллар;
- Талас облусуна – 85,4 миллион доллар;
- Баткен облусуна – 42,9 миллион доллар.
Ошондой эле, адистин айтымында, ар бир аймакта инвестициялык каражаттын реалдуу ишке ашуу жагы да тыкыр көзөмөлгө алынат.
