Республикада дыйкан-фермерлерди колдоо максатында 3% жеңилдетилген насыялар каралган
Ата мекендик жана чет элдик селекциядагы таза кандуу мал менен жаңыртуу аркылуу малдын породалык курамын жакшыртуу жана азыктуулугун жогорулатуу максатында республикада дыйкан-фермерлерди колдоо максатында бир катар жеңилдетилген шартта насыялар бар.
Насыя 3% чен менен 60 айга берилет. Жеңилдетилген мезгили 6 айды түзөт.
Субсидиялык суммасы – 300 млн. сом болсо, берилүүчү насыянын жалпы суммасы – 1 млрд. 849 млн. сомду түзөт.
Жеңилдетилген кредиттер төмөнкүлөргө берилет:
– асыл-тукум заводдоруна, асыл-тукум фермаларга
– импортерлорго
– техник уруктандыруучуларга
– дыйкан (фермер) чарбаларга жана жеке ишкерлерге.
Ошондой эле, үрөнчүлүк чарбаларын жана питомнитерди өнүктүрүү максатында 3% чен менен жеңилдетилген насыялар каралган. Анын максаты - үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңылоону өз убагында жүргүзүү болуп саналат. Насыяны берүү мөөнөтү 36 ай болсо, жеңилдетилген мезгили 12 айды түзөт. Берилүүчү кредиттин жалпы суммасы – 100 млн. сомду түзөт.
Жеңилдетилген 3% кредиттер төмөнкүлөргө берилет:
– үрөнчүлүк чарбаларына
– питомниктерге
