Агроөнөр жай комплекси кенейтүү: 2030-жылга чейин 385 ишкананы ишке киргизүү пландалды
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү максат кылууда.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн өлкө боюнча жалпы 385 ишкананы түзүү пландалууда.
Анын ичинде:
- 40 соода-логистикалык борборду (СЛБ),
- 45 ири кайра иштетүүчү ишкананы,
- 300 чакан жана орто ишкананы ачуу каралууда.
Ишканалар айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды, эт, сүт, балык, жүн, тери, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү кубаттарды жана агроөнөр жай багытындагы башка объектилерди камтыйт.
Облустар боюнча пландар төмөнкүдөй:
- Жалал-Абад облусу – 7 СЛБ жана 59 кайра иштетүүчү ишкана;
- Ош облусу – 5 СЛБ жана 53 ишкана;
- Баткен облусу – 8 СЛБ жана 29 ишкана;
- Талас облусу – 4 СЛБ жана 21 ишкана;
- Нарын облусу – 2 СЛБ жана 31 ишкана;
- Ысык-Көл облусу – 6 СЛБ жана 66 ишкана;
- Чүй облусу – 7 СЛБ жана 78 ишкана.
- Бишкек шаары – 5 ишкана.
Эске салсак, пландар райондорду жана айыл аймактарды камтыйт.
Аталган пландарда аймактар боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн адистештирилиши эске алынып, бул жаңы ишканаларды курууда чийки заттык базанын туруктуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мунун натыйжасында айыл чарба продукциясынын жоготуулары кыскарып, кошумча жумуш орундары түзүлүп, агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулатылат. Министрликтин бул багыттагы иш-аракеттери региондордун экономикалык өсүшүнө өбөлгө болуп, айыл чарба продукциясынын наркын жана кайра иштетүү үлүшүн арттырууга шарт түзөт.
Бул иш-чаралар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырылып, өлкөнүн жалпы агроөнөр жай потенциалын бекемдөөгө багытталат.
