Кыргызстан-Корея агроөнөр жай өнөктөштүгү: "Манас" кластеринин өнүгүүсу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде «Манас» аталышындагы инновациялык агроөнөр жай кластерин өнүктүрүү боюнча алдын ала мастер-планды тааныштыруу боюнча маанилүү презентация болуп өттү.
350 гектар аянтты ээлей турган бул комплекс «Корея – Кыргызстан» агроөнөр жай комплекси» аттуу стратегиялык долбоордун негизги бөлүгү болуп саналат. Документти Кореянын Айылдык коомчулуктар корпорациясынын (KRCC) эксперттери иштеп чыгып, Президенттин Жарлыгына ылайык Кластердин башкаруучу компаниясы болуп аныкталган «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсына расмий түрдө өткөрүп беришти.
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК башкаруучу компания катары долбоорду практикалык жагынан ишке ашырууга жооп берет. Ага төмөнкүлөр кирет: инвестицияларды тартуу, курулуш иштерин координациялоо жана планга ылайык алдыңкы корей технологияларын киргизүү. Кластер жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча ири хабга айланышы күтүлүүдө.
