Өлкөдө 38 соода-логистикалык борбор, 264 жер жемиш кампалар иштеп жатат
2025-жылга экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү жаңы 63 пландаштырылган ишкананын ичинен 32 ишкана ачылып соода-логистикалык борбордон – 5, мөмө-жемиш кампа – 1, кайра иштетүү ишканалары – 26 түзүп 1012 жаран иш менен камсыз болду.
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 434 ири жана орто ишкана, 11 245 чакан ишканалар мамлекеттик каттоодон өтсө, алардын ичинен 301 ири жана орто кайра иштетүү ишканалары, 38 соода-логистикалык борборлор, 264 жер жемиш жана мөмө жемиш кампалар иштеп жатат.
Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 18,8 % ды түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2025-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 74 947,3 млн. сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 140,1 % түздү.
2024-жылдын январь–сентябрь айында 62 634,5 млн. сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 121,9 % болгон, бул 2025-жылы өндүрүш көлөмдөрүнүн олуттуу өсүшүн көрсөтөт.
