Алайда 100 тоннадан ашык балык экспорттоо пландалууда
Алай районунун Гүлчо айыл аймагында 2025-жылы уюштурулган балык өндүрүү чарбасы учурда 210 миңден ашык балык башын багууда. Чарбада төмөнкү курактагы балыктар өстүрүлүүдө:
- 1 айлык – 80 миң баш триплоид
- 3 айлык – 80 миң баш “Стальная голова” сорту
- 7 айлык – 50 миң баш триплоид
Бул балык чарбасы аймактын экономикалык потенциалын жогорулатып, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
2026-жылдын жаз айларында 100 тоннадан ашык балыкты экспортко чыгаруу жана ички базардагы балык сатуу жайларына жеткирүү пландалууда. Бул менен Кыргызстандын балык чарбачылыгы тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулат.
Министрлик чарбаны колдоп, келечекте өндүрүштү кеңейтүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү максатында тиешелүү иш-чараларды улантууда.
