МСК: Акциздик маркаларды текшерүү боюнча жаңы онлайн кызматтар ишке киргизилди
Мамлекеттик салык кызматы акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө жана маалыматтарды алууга мүмкүндүк берүүчү электрондук кызматтарды иштеп чыгып, ишке киргизди.
МСКнын маалыматына караганда, "Salyk.kg" мобилдик тиркемесинде акциздик марканын маалыматтарын издөө кызматы пайда болду, анда сканерлөө жана кол менен киргизүү мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ушундай эле кызмат cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинде дагы жеткиликтүү. Анда "Жардамчылар" бөлүмүнө акциздик маркалар жөнүндө маалыматты кол менен киргизип издөө кызматы кошулду.
Белгилей кетсек, "Акциз Кыргызстан" мобилдик тиркемеси мындан ары колдонуучуларга жеткиликтүү эмес, анткени ал эскирип, башка иштеп чыгуучулар тарабынан иштелип чыккандыктан ага жаңыртууларды киргизүү мүмкүн эмес.
Жаңы кызматтар, өз кезегинде, акциздик маркалар жөнүндө маалыматты издөөнүн туруктуу жана ыңгайлуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен дайыма жаңыланып жана өркүндөтүлүп турат.
