Бишкекте социалдык маанидеги азыктардын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө
Бишкектин Свердлов районунун соода түйүндөрүндө жана базарларында социалдык маанидеги азык-түлүктөргө рыноктук бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Бул иш-чаранын алкагында сатуучулар арасында баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө жана КР «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын нормаларын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Мындан тышкары, райондун тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, дем алыш күндөрү Т.Айтматов/Токтогул жана Фере/Эркиндик (эски базар) көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкелери өткөрүлүүдө.
