КМШда туристтик борборлор пайда болушу ыктымал
КМШ өлкөлөрүнүн эксперттери туризм жаатындагы кызматташтык боюнча өкмөт башчыларынын билдирүүсүнүн долбоорун макулдашты
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн эксперттери туризм тармагындагы кызматташтык боюнча өкмөт башчыларынын билдирүүсүнүн долбоорун макулдашты. Жумушчу топтун кошумча жыйыны онлайн форматта өттү.
Талкууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Документтин долбоору Шериктештикке мүчө мамлекеттердин Туризм боюнча кеңеши тарабынан даярдалган.
Билдирүүнүн долбоорун КМШнын «Шериктештиктин туристтик борборлору» мамлекеттер аралык программасы, «Шериктештиктин туризм тармагындагы тематикалык жылы» долбоору жана КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык туристтик иш-чаралары тууралуу жоболордун долбоорлору менен бирге кароо пландалууда.
Жыйындын жыйынтыгында эксперттер документти толуктап, макулдашышты. Документтердин топтому КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин кароосуна жөнөтүлөт.
Билдирүүнүн долбоорунда туризм социалдык жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн, мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун, тынчтыкты жана коңшулаш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөөнүн маанилүү куралы катары белгиленген.
Ошондой эле документте Туризмдин глобалдык этикалык кодексине ылайык туристтик сапарлардын эркиндигин, басмырлоого жол бербөөнү жана эл аралык кызматташтыкты колдоо каралган.
