Жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга 4,5 млн сом айып салынды
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы 2025-жылдын биринчи алты айында жер жана суу жаатында жалпы 852 текшерүү жүргүздү. Натыйжада 1053 мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Жоопкерчиликке тартылган 380 адамга жалпы суммасы 4 496 000 сом айып салынды. Мындан тышкары, жерлерди бузгандыктары үчүн коюлган доонун суммасы 34 999 200 сомду түздү.
Кызмат республика аймагында жер участокторунун максаттуу пайдаланылышын камсыздоо максатында мониторинг жана текшерүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп келет. Учурда бул иш-аракеттер күчөтүлгөн тартипте улантылып, мыйзамсыз пайдаланылган же өз багытында колдонулбай жаткан жерлерди аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү иштери активдүү жүрүүдө.
Түндүк айланма жолунун боюнда болжол менен 27 гектар айыл чарба багытындагы жер максаттуу колдонулбай жатканы аныкталды. Мыйзам бузуу катталган учурда, бузууларды четтетүү үчүн 30 күндүк мөөнөт менен жерди баштапкы абалына келтирүү боюнча жазма буйрук берилет.
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, мыйзам бузгандарга айып салынат. Эгерде жазма буйрук белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган жер аянттары мамлекеттин карамагына өткөрүлөт. Бул боюнча материалдар сот органдарына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам чегинде чара көрүү үчүн жөнөтүлөт.
Жер жана суу мыйзамдарын сактоо боюнча мындай чаралар ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, мыйзам бузууларды алдын алуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.
