Пекинде Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны өттү
18 сентябрь

Пекинде Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны өттү

Пекинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жыйын КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын соода министринин орун басары, эл аралык соода сүйлөшүүлөрүндө Кытайдын өкүлүнүн орун басары Лин Цзинин жетекчилиги астында өттү. 

Жыйынга ошондой эле Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, айыл чарбасында, кен иштетүүдө жана кайра жаралуучу энергия булактарында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган протоколго кол коюлду.

Тараптар Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында активдүү кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашышты.