Шопоков шаарында металл буюмдары жана кабель өндүрүүчү жаңы завод курулууда
28 октябрь

Шопоков шаарында металл буюмдары жана кабель өндүрүүчү жаңы завод курулууда

Бүгүн Шопоков шаарынын мэри Норузбаев Р.Д. райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү жана аким менен бирге жаңы өндүрүш объектисинин – «Осо Метал Торг Сервис» заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул ишканада металл буюмдары жана кабель өндүрүү пландалууда. Долбоор аймактын өнөр жай мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Заводдун директору курулуштун учурдагы абалы жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ишкана ишке берилгенден кийин 120гө жакын жумуш орду түзүлөт. Бул Шопоков шаарынын жана райондун калкы үчүн кошумча иш орундарын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Заводдун ачылышы 2025-жылдын декабрь айына пландалган. Долбоордун ишке ашуусу Шопоков шаарында экономикалык өсүштү жана жергиликтүү элдин жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөйт.