2024-жылы Кыргызстан 18,3 млрд кВт/саат электр жарыгын колдонгон
2024-жылы 12 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстан боюнча жалпы электр энергиясын керектөө 18,3 млрд киловатт-саатты түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиялык отурумунда айтылды.
Алсак:
ГЭСтерден – 12,77 млрд киловатт-саат,
Жылуулук электр борбордон – 1,76 млрд киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлду.
Ал эми коңшу өлкөлөрдөн 3 629,7 млрд киловатт-саат электр энергиясы импорттолду.
Мындан тышкары, жеке чакан ГЭСтерден – 156,2 млн кВт/c, Күн электр станцияларынан – 0,17 млн кВт/c өндүрүлдү.
