Кыргыз-иран соода-экономикалык байланышы бекемделет
27 февраль

Кыргыз-иран соода-экономикалык байланышы бекемделет

КР экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 26-февралда Ирандын биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди мырза менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар бир катар негизги маселелерди:

  • Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу сооданы өнүктүрүүнү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүүнү;
  • транспорттук-логистикалык кызматташтыкты, анын ичинде инфратүзүмдү жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн жана эки өлкөнүн ортосундагы товарларды тез жана ыңгайлуу ташуу үчүн натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүүнү;
  • каржылык кызматташтык жана жаңы каржы механизмдерин иштеп чыгууну;
  • Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн жана анын ишин оптималдаштыруу аркылуу биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну баштоо, соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана артыкчылыктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жөнүндө чечим кабыл алышты.