Кыргызстанда сүт жана жумуртка өндүрүүнүн көлөмү өсүүдө
2025-жылдын 1-февралына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 32,09 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 513 тоннага же 1,6 пайызга эт көп өндүрүлгөн. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи малдын жана үй канаттуларынын санынын өсүшү менен байланыштуу.
Республикадагы мал санактын 2024-жылдын аягына карата жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматына ылайык, ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 1,5-пайызга, кой жана эчкилердин саны – 1,1-пайызга, жылкылардын саны – 2,0-пайызга жана үй канаттуулардын саны – 10,5-пайызга өсүшү менен байланыштуу.
Сүт өндүрүү. 2025-жылдын январь айында республика боюнча 85,1 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилге караганда 781 тоннага же 0,9 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт. Сүт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи уйлардын саны 1,8-пайызга жана алардын продуктивдүлүгү 3,4 кг өсүшү (106,5-103,1) менен байланыштуу.
Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 46567миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4093 миң даанага же 9,6 пайызга көбүрөк болгондугун көрсөтөт. Жумуртка өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи үй канаттуулардын саны 10,5-пайызга өсүшү менен байланыштуу.
