Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2 448 000 000 сом бөлүндү – насыялар «Айыл банк» жана «Элдик банк» аркылуу берилет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы №36-т тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору бекитилген.
Долбоордун алкагында кеминде 2 448 000 000 (эки миллиард төрт жүз кырк сегиз миллион) сом өлчөмүндө 6 пайыздык чен менен насыя берүү каралган. Насыялар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу берилет.
Насыя берүү шарттары: «Мал чарбачылыгы» жана «Өсүмдүк өстүрүү» багыттары боюнча: мөөнөтү – 36 айга чейин; 500 000 сомго чейин – күрөөсүз негизде; 1 000 000 сомго чейин — күрөө менен.
«Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары» багыты боюнча: мөөнөтү – 36 айга чейин; 3 000 000 сомго чейин – күрөө менен.
Долбоордун алкагында каралган каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: «Мал чарбачылыгы» – 1 713,6 млн сом (70%); «Өсүмдүк өстүрүү» – 489,6 млн сом (20%); «Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары» – 244,8 млн сом (10%).
