Продукциясын экспортко чыгарууну көздөгөн дыйкандар күндөлүк толтурууну үйрөнүшү керек
Дыйкандар эмнеге продукциясын экспортко чыгаруудан кыйналышат? Аларга кандай тоскоолдуктар бар? Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде бул боюнча жооп берип жатып, дыйкандар стандарттарды карманышы керектигин белгиледи.
Айтымында, продукцияны экспортко чыгарууда дыйкандар продукциясынын сапаттуу экенин тастыктап бериши керек.
“Мисалы, бизде он фермер болсо, анын бир-экөөсү гана күндөлүк толтурганды билет. Бүгүн сугардым, жер семирткич чачтым, аны мынча сомго сатып алдым ж.б. – өсүмдүктү кароого байланышкан ар бир аракетин кагазга түшүрүп турушу керек. Жалпы фермерлер муну жакшы өздөштүрө албай жатышат. Ошондуктан, азыр аны санарип менен чечкенге аракет кылуудабыз. Былтыр пилоттук режимде 3+2+1 деп баштаганбыз: бул 3 – өсүмдүк өстүрүүгө, 2 – мал чарбачылыгына, 1 – кайра иштетүү тармагына таандык. Быйыл аны көбөйтүп 3+3+1 кылдык”, – деди ал.
Ал белгилегендей, сапаттуу продукцияны кагаз түрүндө тастыктоого туура келет. Анын баары аудиттен өтөт, ошондо кыйын аудит фермердин күндөлүгүн көрүп эле, стандартты кармадыбы же жокпу, билип коет.
“Качан лабораторияга алып бардың эле, лабораториядан топурактын анализи чыкканда кандай жер семирткичтерди чачтың, канча килограмм колдондуң өңдүү суроолор берилет. Ошол жерден эле күндөлүк чындап жазылганбы же фиктивдүүбү – билинип калат. Аудиттер фальсификациянын көбүн кармаган. Ошондуктан, биз дыйкандарды күндөлүк толтурууга, стандарттарды кармоого үйрөтүп, ушул багытта иш алып барышыбыз керек”, – деди Мухтар Чыналиев.
