Наркы $7 млн. Манас шаарында таш майдалоочу заводдун курулушу аяктап калды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
4 март

Наркы $7 млн. Манас шаарында таш майдалоочу заводдун курулушу аяктап калды

Манас шаарында жаңы таш майдалоочу завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Бүгүн облус башчысы Тилек Текебаев ишканадан кабар алган.

Объект шаардын Т. Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашып, саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан.

Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат.

Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан дарыянын коргоо зонасы толук сакталбагандыгы белгиленген.

Таанышуу учурунда облус башчысы объекттин аймагын жеринде көрүп чыгып, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана завод жетекчилигине дарыянын коргоо зонасын эске алуу менен кошумча дамба куруу иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Завод кытайлык инвесторлордун колдоосу менен курулуп, жалпы наркы 7 млн долларды түзөт. Толук ишке берилгенден кийин 70ке жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот. Учурда объектке 60ка жакын жаңы техника алынып келинген.

Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев Сузак айыл аймагындагы “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ААК “Атабеков” логистикалык борборунун эскиздик долбоору менен да таанышты.