Салык карызына баткан кичи жана орто бизнес кандай жеңилдиктерди ала алат?
17 октябрь

Салык карызына баткан кичи жана орто бизнес кандай жеңилдиктерди ала алат?

Кичи жана орто бизнестерге салык карызы топтолгон учурда, негизги карызды төлөп алгыча, туум жана санкцияларды токтото турууга мүмкүнчүлүк барбы? “Биринчи радионун” эфиринде берилген мындай суроого Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары учурдагы жаңы мыйзамга таянуу менен жооп берди.

“Карыздар боюнча да абдан көп чечимдер кабыл алынды. Биринчиси, президентибиз Садыр Нургожоевичтин ушул жылдын 8-январдагы жарлыгына байланыштуу – 2022-жылга чейинки салык карыздарын кечүү. Андан тышкары салык карыздары боюнча 5-августта мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык дагы 2022-жылга чейинки карыздар кечилип жатат. Бул биринчиден, үмүтсүз карыздарга тиешелүү болсо, экинчиден, ар кандай жагдайлардан улам карызга батып калган компанияларга экинчи мүмкүнчүлүк берүү, алардын бутуна туруп кетишине көмөктөшүү.

Салык кодекске жаңы, 72-берене кирген – бул салык карызы барлар, негизги карызын айтылган мөөнөттүн ичинде (мурда 15 күн болчу, азыр 39 күнгө чейин узартылды) төлөсө жана туум, санкциянын 50 пайызын төлөсө же өздөрү тактоочу отчетун берсе, калган 50 пайыз туум кечирилет.

5-августта күчүнө кирген мыйзамдын негизинде дагы бир жеңилдик каралды – учурда ишкер тактоочу отчетту өзү берип, “ушул жерден жаңылыштык кетириптирмин, төлөбөй калыптырмын” деп түшүндүрсө жана негизги карызды төлөсө, санкция алынып салынат, ал эми туумдун 50 пайызын төлөсө, калган 50 пайызы кечилет. Ал эми тактоочу отчетту Салык кызматы өзү берсе, анда дагы негизги карыз төлөнсө, санкция, туумдун 50 пайызы кечилет”, – деп түшүндүрдү Кубанычбек Ысабеков.

Ошондой эле, маалым болгондой, жаңы берене боюнча, азыр ишкерлерде райондук салык башкармалыктарынын карыз боюнча чечимине доо арыз берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн ишкер Салык кызматынын борбордук аппаратына кайрыла алат. А эгерде борбордук аппарат дагы текшерүүдөн кийин райондук башкармалыктын чечимин туура деп тапса, анда салык төлөөчү негизги карызын төлөгөндөн кийин, туумдун 30 пайызын гана төлөсө болот, калган 70 пайызы кечилет.