Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады
Алматы шаарында 13-августта Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жетинчи жыйыны өтүүдө.
Жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда.
Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков катышууда.
Өз сөзүндө Эрлист Акунбеков Бирликтин алкагында агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолуп, өз ара сооданы кеңейтүүнүн, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруунун, заманбап агротехнологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүүнүн, ошондой эле негизсиз административдик жана техникалык тоскоолдуктарды жоюунун зарылдыгын белгиледи.
«ЕАЭБдин потенциалы өз ара сооданы кеңейтүү менен гана чектелбестен, биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды түзүүдө, кайра иштетүүнү өнүктүрүүдө, технологияларды трансферттөөдө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда турат», – деди министр.
Өзгөчө көңүл айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду каржылык колдоо механизмдерине кыргызстандык ишканалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга бурулду.
Министрдин айтымында, мындай долбоорлорду ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө, кайра иштетүүнүн жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 832,2 млн АКШ долларын түзгөн. Ушуга байланыштуу Кыргызстан айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын түрлөрүн кеңейтүү, ошондой эле кошумча наркы жогору продукциялардын үлүшүн көбөйтүү аркылуу соода көлөмүн мындан ары да өстүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилейт.
