9 айда 9 миллиард. Салык чогултуулардын көлөмүнүн көбөйүшүнүн себеби айтылды
16 октябрь

9 айда 9 миллиард. Салык чогултуулардын көлөмүнүн көбөйүшүнүн себеби айтылды

2025- жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 212 миллиард сомго жакын салык чогултулду. Аны менен пландалган түшүүлөр 9 миллиард сомго көп чогулган.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салык жүгү көбөйбөй туруп, салык чогултуулардын көбөйүп жатканын түшүндүрдү.

“Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Насырканович башынан эле кичи, орто бизнеске кандай ыңгайлуу шарттарды кылып берүүгө болоорун ойлонуштурган. Ири бизнеске дагы салык жүгүн көтөрбөй туруп, бирок төлөнчү салыкты толугу менен төлөтүү жолдорун караштырган. Ушундай аракеттердин аркасында, быйыл 9 айда 9 миллиард сомдон ашуун ашыкча каражат чогултулду. Мисалы, былтыр бир жылда бюджет боюнча коюлган план кыскартууга дуушар болгон, ошол кыскартылган план боюнча дагы 4 миллиард сомдон ашуун ашыкча каражат чогулган. А быйыл 9 айда эле 9 миллиард сом болду”, – деди Ысабеков.

Анын айтымында, салык жүгүн жогорулатпай туруп, буга чейинки салыктык ставкалардын негизинде эле план тапшырманы ашыгы менен аткаруунун дагы бир сыры – көзөмөлдүн күчөтүлүшүндө.

“Кичи жана орто бизнес бюджеттин да, пландын да кичине бөлүгүн гана түзөт. Негизги булактар – бул албетте, ири компаниялар. Мисалы, товар же импорт менен келет же өндүрүлөт. Биз ири компанияларды кыйнаган жокпуз, бирок көзөмөл күчөтүлдү. Жалпысынан айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келип жаткан товарларга көзөмөлдү күчөттүк, анын натыйжасында, ал жактан да бир топ кошумча кирешелер болуп жатат”, – деди ал.