Шыкмаматов: Биз ашыкча текшерүү жана бизнеске түздөн-түз кысым көрсөтүү логикасынан баш тарттык
Салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүү жүргүзүлгөн реформалардын өзөгү болду. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов үстүбүздөгү жылдын 6-февралда өткөн ведомствонун жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ведомство ашыкча текшерүүлөрдөн жана бизнеске түздөн-түз кысым көрсөтүүдөн баш тартты, анткени коркуу эч качан бюджеттин туруктуу киреше булагы болгон эмес жана болбойт дагы.
Төрага 2025-жылы Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү функциясы толугу менен жоюлгандыгын, бул чечим ошол деңгээлдеги коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк бергендигин белгиледи.
“Аймактык салык органдарында текшерүүлөрдү дайындоо жана жүргүзүү механизмдери кайра каралып, текшерүүнүн санына эмес, анын негиздүүлүгүнө жана сапатына багытталган контролдоо жана координациялоо системасы түзүлдү”, – деп белгиледи А.Шыкмаматов.
