Ак-Талаа районунда жүгөрү айдоо кайрадан жанданууда
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы тала иштери кызуу жүрүүдө. Район аймагында жалпысынан 15216,5 гектар айдоо жери бар.
Жалпы айдоо аянтынын ичинен буудай 2208 га, арпа 3025 га, сулу 8 га, сафлор 129,5 га, жүгөрү 7 га, картошка 198 га, жашылча 70 га, көп жылдык чөп 10317 га айдоо пландалууда.
Эске салсак, Ак-Талаа районунда дээрлик 30 жылдан бери жүгөрү айдалбай калган. Акыркы 2 жыл ичинде жүгөрү айдоо кайрадан жанданууда.
