Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызы боюнча комментарий берди
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 июль

Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызы боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызы боюнча түшүндүрмө берди. 

Анын айтымына караганда, ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына (ИДП) карата өлчөнөт.

"Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт. Бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом. Ар бир алынган карыз мурдакыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат.

Көп эле өлкөлөр ИДПсынын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетишкен", – деди президент.