«Кыргыз ак топозу» жаңы порода катары расмий катталды
20-июлда Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда кыргыз мал чарбачылыгы үчүн тарыхый окуя — ак түстөгү кыргыз топозу «Кыргыз ак топозу» аталышында жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Жаңы породаны мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол коюп, бул чечим өлкөнүн асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө жана улуттук генетикалык ресурстарды сактоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.
«Кыргыз ак топозу» породасын түзүүдө Социалисттик Эмгектин Баатыры, көрүнүктүү селекционер жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун эмгеги өзгөчө белгиленет. Анын ак топоздорду селекциялоо багытындагы көп жылдык эмгеги жаңы породанын калыптанышына чоң салым кошту. Бул жетишкендик окумуштуулардын, селекционерлердин, адистердин, асыл тукум чарбаларынын жана мал багуучулардын биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат. 2014–2026-жылдары жүргүзүлгөн селекциялык иштердин натыйжасында бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашкан, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ ак түстөгү топоздун жаңы породасы түзүлдү.
Илимий изилдөөлөр жаңы породанын жогорку өндүрүмдүүлүгүн, тирүүлөй салмагынын, төл алуу көрсөткүчтөрүнүн жана жаш малдын сакталышынын жакшы деңгээлин тастыктады.
Ошондой эле «Кыргыз ак топозу» сапаттуу ак жүнү жана тыбыты менен айырмаланып, текстиль өнөр жайы үчүн баалуу чийки зат болуп саналат. Жаңы породанын мамлекеттик каттоодон өтүшү улуттук генетикалык ресурстарды сактоого, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, бийик тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
