КР СӨП менен Забайкалье аймагы жаңыртылган кызматташуу меморандумуна кол койду
КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Забайкалье аймагы жаңыртылган кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Забайкалье аймагынын Соода-өнөр жай палатасынын президентинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешчиси Александр Сорокин палатанын ишмердүүлүгү жана аймактын инвестициялык потенциалы менен тааныштырды.
Ал белгилегендей, бул демилге 2025-жылдын 5-мартында Москва шаарында өткөн Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бизнес-форумдун уландысы болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары аныкталды:
Иш менен камсыз кылуу – Аймактын активдүү өнүгүшүнө жана ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууга байланыштуу Забайкальский крайы орус тилдүү адистерге, анын ичинде Кыргызстандан келген жумушчуларга муктаж.
Алтын казуу – “HGM Gold Mining Asset” инвестициялык долбоору инвесторлор үчүн салык жеңилдиктери жана преференциялар менен тааныштырылды.
Кыргыз Республикасынын СӨП вице-президенти палатанын бул демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, аймактардын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
