Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор ооруларды тизмектеди
18 сентябрь

Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор ооруларды тизмектеди

Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор ооруларды тизмектеди. 

Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине төмөнкүлөр кирет:

1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
2. Кан оорусу:

  •  курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
  •  апластикалык аз кандуулук;
  •  гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

  •  кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
  •  жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
  •  жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: 
  •  анын ичинде өнөкөт аневризми, 
  •  жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
  •  операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
  •  облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.

4. Өнөкөт боор жетишсиздиги, боор циррозу:

  •  В жана С гепатиттери - 4-5-стадиялар;
  •  органдарды трансплантациялоого муктаж болгондор жана органдарын трансплантациялоону алгандар.

5. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.