Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт
Ош мэриясы
16 март

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 15-мартта тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты.

Калаа башчысы белгиленген аймактарга жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошорун, ошондой эле ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен камсыздоого өбөлгө болоорун белгиледи.

Белгилей кетсек, шаарды өнүктүрүү жана өндүрүштүк ишканаларды көбөйтүү максатында келечекте шаардын четки аймактарына өндүрүш түрлөрүнө жараша атайын аймактарды ачуу пландалууда. Озгур айылына агрардык өндүрүш, Жапалакка тамак-аш өңдүрүшү, Алымбек-Датка муниципалдык аймагына оор өнөр жай тармагы жана Жибек-Жолу муниципалдык аймагына жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасын түзүү каралууда.

Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу пландарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди. Бул иштер этап-этабы менен ишке ашырылып, жакынкы жылдары Ош шаарында жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.