“Кыргызалтын” эки өнөр жай объектисин өндүрүшкө киргизүүнү пландоодо
10 март

“Кыргызалтын” эки өнөр жай объектисин өндүрүшкө киргизүүнү пландоодо

“Кыргызалтын” ААКсы 2025-жылы эки өнөр жай объектисин өндүрүшкө киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу компаниядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда индиялык өнөктөштөр менен биргеликте Нарын облусундагы Солтон Сары кенинде алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика курулуп жатат. Ишкана ишке киргенден кийин 400дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөт.

Ошондой эле, «Кыргызалтын» ААКы Балыкчы шаарындагы автотранспорт ишканасынын филиалынын базасында транспорттук-логистикалык борбор ачууну пландаштырууда.

Бул транспорттук-логистикалык борбор экспедициялык-транспорттук ишканалар үчүн жайларды, ошондой эле жүк ташуучу унаалар үчүн токтотуучу орундары менен камсыздайт.

Мындан тышкары, автотранспортторду оңдоо, ошондой эле бажы, брокердик жана башка кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда.

Ошондой эле, өзүнүн бүткүл тарыхында «Кыргызалтын» ААК биринчи жолу долбоорлоодон баштап кендин запастарын түзүүгө чейин өз алдынча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзө баштады. Учурда компания Баткен районундагы «Чакуш» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштерди 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.