Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу 7-мартта Түркиянын Президенттик сарайында өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ар тараптуу, стратегиялык жана бир туугандык мүнөзүн баса белгилешти. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
2025-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө басым жасалып, ошону менен бирге алардын мазмундук мазмунунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Бул контекстте элчи Казакбаев парламенттер аралык байланыштар активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, быйылкы жылы эки өлкөнүн парламентарийлеринин өз ара иш сапарларынын маанилүүлүгүн белгиледи.
2025-жылы Кыргызстанда өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Экономикалык өнөктөштүктү талкуулоонун алкагында тараптар сооданы жеңилдетүү, кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышты.
Элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан жасалып жаткан реформалар тууралуу айтып, кыргыз тарап инвестициялык кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Түркиянын медициналык мекемелеринде Кыргыз Республикасынын жарандарынын бекер дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө умтуларын ырасташты жана талкууланган бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.
