«Кыргызалтын» ААК 2024-жылы рекорддук кирешеге жетишти
10 март

«Кыргызалтын» ААК 2024-жылы рекорддук кирешеге жетишти

2024-жылы “Кыргызалтын” ААКнын кирешеси 17,2 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36%га көп.

Компаниядан билдиришкендей, ындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын эффективдүү башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди. «Кыргызалтын» ААКы учурда бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Мисалы, «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын филиалы 2022-жылдын аягында 200 миллион сомго жакын зыян тарткан.

Компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын талдоосунун жана өз убагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча, комбинат учурда технологияларды модернизациялоо жана кенди иштетүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен заводдун кирешеси 400 миллион сомдон ашыкты түзгөн.

2024-жылдын сентябрында «Кыргызалтын» ААК алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөн ачкан. Кыска мөөнөттүн ичинде ишкана чендик куймаларын сатуудан олуттуу киреше ала баштады.

Компания 2024-жылы «100 өнөр жай ишканалары» улуттук программасынын алкагында Чүй облусунун Жайыл районунда өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруучу цехти ишке киргизген. Мындай цех мамлекет эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу салынууда. Ошондой эле, 2024-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Мироновское кенин иштетүүгө расмий түрдө киришкен.