Москвада Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бизнес-форум өттү
Москвада “Кыргыз Республикасынын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалынын презентациясы: финансы жана курулуш тармагындагы кызматташтык” аталышындагы бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Иш-чара Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын Конгресс борборунда өтүп, ага Россия менен Кыргызстандын
Иш-чара кыргыз-орус ишкерлер кеңеши менен биргеликте өткөрүлдү.
Кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл буруу
Форум эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Катышуучулардын арасында 100дөн ашык россиялык ишкерлер жана кыргыз бизнесинин 150 өкүлү, анын ичинде орус рыногунда ийгиликтүү иштеген бизнесмендер болду. Кошумчалай кетсек, иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.
КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев акыркы жылдары Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Ал соода, инвестиция жана бизнес чөйрөлөрүндөгү кызматташуу мындан аркы кеңейүүнү талап кыларын, бул эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жаңы перспективаларды ачарын баса белгиледи.
Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин да СССР тарагандан бери калыптанып калган соода-экономикалык байланыштарды туруктуу сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, соодадан тышкары гуманитардык кызматташууга, билим берүүнү өнүктүрүүгө жана маданий алмашууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Кыргызстандын аймактарынын инвестициялык потенциалы
Форумдун негизги багыттарынын бири Кыргызстандын аймактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү болду. Анда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле президенттин Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары россиялык инвесторлорду кызыктырышы мүмкүн болгон долбоорлор менен тааныштырышты.
Курулуш тармагындагы кызматташуу, каржы, ошондой эле туризм жана айыл чарба тармагына инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
