
Ысык-Көл облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 74,1 млн сомго 49 долбоор каржыланды
Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын 74,1 млн сом суммасында 49 долбоор каржыланды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Ысык-Көл районунун 11 объектисине 11,0 млн сом;
- Түп районундагы 10 объектиге 15,9 млн сом;
- Ак-Суу району - 10 объектисине 26,8 млн сом;
- Тоң району - 5 объектисине 3,5 млн сом;
- Жети-Өгүз району - 4 объектисине 3,5 млн сом;
- Балыкчы шаарынын 3 объектисине 6,6 млн сом;
- Каракол шаары - 6 объектиге 6,8 млн сом;
Анын ичинен:
- 17 мектепке – 18,4 млн сом;
- 2 саламаттыкты сактоо мекемелерине – 4,6 млн сом;
- 9 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 22,9 млн сом;
- 3 спорттук курулуштар – 3,4 млн сом;
- 8 маданий маанидеги объектилерге- 11,1 млн сом;
- 10 бала бакчага – 13,7 млн сом;