Салык кызматкерлери алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери алтын буюмдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту.
Тактап айтканда, Ош шаарынын аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда жалпы баасы 13, 9 млн сомдон ашкан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алынып келинген, тиешелүү коштомо документтери жок алтын буюмдар (билерик, чынжырча жана сөйкөлөр) табылган.
Аталган мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган жана контрабандалык товарларды жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.
