Тосор айылындагы ишкана суткасына 700 литрге чейин шире чыгарат
28 октябрь

Тосор айылындагы ишкана суткасына 700 литрге чейин шире чыгарат

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында жайгашкан “Тосор Органик” айыл-чарба товардык-сервистик кооперативи жемиш-жашылчалардан сапаттуу, кошумча заттарсыз, түз сыгылып алынган ширелерди өндүрүү менен алектенет.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 700 литрге чейин шире чыгарууга мүмкүндүк берет.

“Тосор Органик” төрт түрдөгү ширени өндүрөт:

  • алма ширеси
  • алмурут ширеси
  • өрүк ширеси
  • аралаш мультифрукт ширеси

Өндүрүштө жергиликтүү дыйкандардан алынган таза жана экологиялык мөмө-жемиштер пайдаланылат. Продукция консерванттарсыз жана химиялык кошумчаларсыз чыгарылып, ар кандай көлөмдөгү таңгактарда сатыкка чыгарылат.

Азыркы учурда кооператив өз продукциясын өлкөнүн ички рыногуна сунуштап, жергиликтүү керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ден соолукка пайдалуу продукция менен камсыздап келет.