Быйыл дандын түшүмү 2023-жылга салыштырмалуу 30%га көп
14 ноябрь

Быйыл дандын түшүмү 2023-жылга салыштырмалуу 30%га көп

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 593,4 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 2,4 пайызга көп. Ошол эле учурда 99 пайыз аянт жыйналды.

Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 2,1 млн. тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көп. Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 35 центнерди түздү, бул былтыркыдан 7,4 центнерге жогору.

Айрыкча жогорку түшүмдүүлүк гектарына  Жалал-Абад облусунда – 45, Ош – 39, Чүй – 36 жана  Талас облусунда  – 35 центнерден айланган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда арпанын дүң жыйымы - 60,3 пайызга, буудай - 51,0 пайызга, бакча өсүмдүктөрү - 18,9 пайызга, кант кызылчасы - 12,5 пайызга өскөн. Өндүрүштүн өсүшү арпа гектарына - 9,4 центнерге, буудай - 9,1 ге, бакча өсүмдүктөрү -18,6 жана кант кызылчасы - 64,8 центнерге түшүмдүүлүктүн жогорулашы менен байланыштуу.

Муну менен катар, тамекинин -37,0 пайызга, пахтанын - 27,2 пайызга, картошканын - 8,1 пайызга жана жүгөрүнүн - 0,5 пайызга дүң жыйымы азайган. Өткөн жылга салыштырмалуу дүң түшүмдүн азайышы, 2024 - жылдын түшүмү үчүн айдоо аянттарынын тамеки - 42,0 пайызга, пахта - 26,9 пайызга, картошка – 8,4 пайызга, жүгөрү – 2,9 пайызга төмөндөшү менен шартталган.